Ош шаарынын казысынын орун басары «Турмушка даярдоо» курсунда окуган жаштарга «Ислам дининде аялдын орду» темасында баяндама жасады

Кечээ, 24-ноябрь күнү “Сулайман-Тоо” мечитинде Ош шаардык мусулмандар казыятынын демилгеси менен түзүлгөн “Турмушка даярдоо” курсунун студенттери үчүн Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов “Исламда аялдын орду” деген темада лекция окуду.

Лекциянын алкагында Мирланбек ажы Токтомушов студенттердин суроолоруна жооп берүү менен бирге аларга өзүнүн кеп-кеңештерин берди.

 “Азыркы учурда силер ар түрдүү багыттагы жогору окуу жайларда окуп жатасыңар. Келечекте мугалим же врач боло турган болсоңор, ыймандуу, өз кесибин мыкты билген адис болгула. “Турмушка даярдоо” курсу силер үчүн таалим-тарбия, адеп-ахлак жана адал менен арам эмне экендигин үйрөтүп келет”-деди М.Токтомушов.

Айта кетсек, “Турмушка даярдоо” курсу 2019-жылдын февраль айынан тарта өз ишин баштап, ар аптанын жекшемби күнү сабактар уюштурулуп келүүдө. Бул окуу курсуна каалоочулар акысыз түрдө катыша алат. Курска катышкандардын көпчүлүк бөлүгү студент жаштар. Жекшемби күнү саат 9:00дөө кыздар үчүн, 14:00 балдар үчүн уюштурулган.