Жети-Ɵгүз районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларын билимдүү болууга чакырса, айыл элин берешендүүлүккө үндөөдө

Жети-Ɵгүз районунун баш имам хатиби Талантбек ажы Акылбек уулу мектеп окуучулары менен жолугуп, аларга билим алуу, мекенди сүйүү жана урматтоо, айлана-чөйрөнү таза кармоо, диний терс агымдардан оолак болуу, ыймандуулук, тынчтыктын зарылчылыгы туурасында баяндамасын жасап, түшүндүрүү иштерин улантууда.

Окуучулар менен жолугушуу Дархан, Тамга, Барскоон, Жеңиш, Ак-Терек айылдарынын билим берүү борборлорунда өттү.

“Окуучулар менен кошо эле айыл жаштары жана жергиликтүү тургундар менен жолугушууну өткөрүп жатабыз. Карапайым элди ынтымакка, берешендүүлүккө жана достукка үндөө иштери жүрүүдө”,-деди Талантбек ажы Акылбек уулу.

Иш-чарага мектеп директорлору, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышууда.