Түп райондук администрациясында тазалык маселеси каралды

Түп райондук администрациясынын жыйындар залында “Тазалык жана ыймандуулук” аталышында жыйын өтүп, ага район акими Элчибек Нуржадиев, аксакалдар, имамдар, айыл жаштары, айыл өкмөттөрү катышып, тазалык маселеси талкууланды.

“Тазалык-ыймандын бир бутагы демекчи, өзүбүздү руханий тазаласак чөйрө, коом таза болот. Жаратылыш, чөйрө-бул бизге берилген аманат”,-деди баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев.    

Иш-чарда коомчулукка, жаштарга туура тарбия берип, ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыруу  ар бир жарандын чоң жоопкерчилиги экендиги айтылды.