Чоң-Алай районунда мавлид кечеси уюштурулду

Ош облусунун Чоң-Алай районунун борбордук мечитинде пайгамбарыбыздын (с.а.в) туулган айына карата мавлид кечеси уюштурулду. Иш-чарага Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков жана жергиликтүү тургундар катышып, анда баш имам хатиб пайгамбарыбыздын (с.а.в) бул дүйнөгө келиши жана инсан үчүн жасаган эмгеги туурасында баяндама жасады.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) адам баласын туура багытка үндөп, жашоонун принциптерин үйрөтүп кеткен. Пайгамбарыбыз (с.а.в) аял менен эркектин укуктары, үй-бүлөнү бекемдөө, туура жашоо боюнча бир катар насааттарын айтып кеткен», — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.