Манас районунун баш имам хатиби имамдардын жылдык отчётун кабыл алды

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жалпы имам хатибдердин жылдык отчётун кабыл алды.  Анда имамдар бир жыл бою аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.

Андан соң имамдар баш имам хатиб менен бирге нике, жума хутбалары жөнүндө жана шариатка ылайык өздөрүнүн күнүмдүк аткаруучу иштерине керектүү сабактарды өз алдынча талкуулашты.

Район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев мындан кийин ар бир отчёт сайын ушундай өз алдынча алым сабактар болуп тураарын билдирди.