Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Наристе» балдар үйүнө көмүр сатып алуу үчүн акчалай жардам көрсөттү

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана орун басары Мирланбек ажы Токтомушов “Наристе” балдар үйүнө кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн көмүр сатып алууга үчүн 12 000 сом акчалай жардам көрсөтүштү.

Ал эми “Наристе” оорукчан балдар үйүн жетектеген Халыс Арзыева Ош шаардык казыятына терең ыраазычылыгын билдирди.

“Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан ар түрдүү жардамдар келип турат. Мына бүгүн күн сууп балдардын абалынан кыжаалат болуп жаткан учурубузда Ош шаарынын казысы көмүр үчүн берген 12 000 сом акчасы биздин абалыбызды бир кыйла жеңилдетти”,- деп билдирди Х. Арзыбаева.