Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен шаарында КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы Бактыбек Токсонбаев менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов жана укук коргоо кызматынын, Баткен райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Маектешүү алкагында Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев элдин  ынтымагын бекемдөө жана терс агымдардын азгырыгына жол бербөө багыттында биргеликте иш-аракеттерди ишке ашыруу, билим берүү мекемелеринде, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтү, ысырапкерчиликти азайтуу боюнча тыгыз кызматташуу боюнча сунуштарын билдирди.

Ал эми Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы Бактыбек Токсонбаев айтылган сунуштарды колдоп, өкүлчүлүк кызматташууга ар дайым даяр экендигин айтты.

Ошондой эле жолугушууга катышкан укук коргоо кызматкерлери да өз сунуштарын билдирип, айтылган маселелер боюнча атайын иш-пландын негизинде  иш алып баруу чечими кабыл алынды.

Жолугушуу соңунда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө өз белегин ыйгарып, иштерине ийгилик каалады.