Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев: мыкты адистерди даярдап чыгаруу көп эмгекти талап кылганы менен мөмөсү таттуу болот

Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун теология факултетинин жыйындар залында “Иш берүүчүлөр менен жолугушу” аттуу жыйынга катышты.

Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынан өкүлү Руслан Закиров жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты. Анда диний окуу жайларды бүтүргөн адистерди жумуш орду менен камсыз кылуу маселеси каралып, медреселер жана  диний окуу борборлор мамлекеттик талапка жооп берүү үчүн дагы кандай иштерди жүргүзүү керектиги боюнча ой пикирлер ортого салынды.

Иш-шаарда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышуучуларга кайрылып, .

“Мыкты адис даярдоого көнүл буруу өтө маанилүү. Анткени бардык мекемелер мыкты адис менен иштешүүнү каалайт. Мыкты адистерди чыгаруу көп эмгекти талап кылганы менен мөмөсү таттуу болот. Эгер биз жумушка гана орноштурууну максат кылсак, анда жумушка жайгашкан адис өзүнүн жөндөмдүүлүгү начар чыгып, башка адистердин да жолун тосуп койуусу мүмкүн” ,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.