Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев диний окуу жайларды бүтүргөн адистерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча тегерек столго катышты

Бүгүн, 26-ноябрда ОшМУнун теология факультетинде орто кесиптик теологиялык  жана магистиратуралык билим алган адистердин эртеңки келечеги, алардын жумуш менен камсыз болушу боюнча тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев,  Ош  шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, «Сулайман-Тоо» музей комплексинин жетекчиси Султанбек Абдырахманов, теология факультетинин деканы доцент Зайлабидин Ажимаматов, Дин иштери боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Фархатбек Адилбек уулу, Ош шаардык билим берүү башкармачылыгынын адиси Руслан Закиров, Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Турсунай  Өмүрзакова, ЭлФМ элдик радиосунун жетекчиси Таштамир Жалиев, ЭлТР коомдук телеканалынын продюсери Талант Канатбек уулу, Теология факультетинин кафедра башчысы  доктор Абдилазиз Калбердиев жана теология факультетинин окутуучулары катышты.

Иш-чарада орто кесиптик жана магистиратуралык билим берүү системасындагы өтүлүүчү предметтер, жогорку квалификациялуу даражадагы окутуучунун билим берүүсү, ошондой эле медресени бүтүрүгөн илим талап кылуучулардын мамлекеттик ишканаларда иштөөгө болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана илимий даражадагы бардык диндерден кабардар болгон кадрларды алып чыгуу маселеси  каралды.

КМнын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов, орто кесиптик теологиялык билим берүү системасынын артыкчылыгы катарына токтолуп, өлкөбүздөгү бузукулук, жахилдик сыяктуу  терс көрүнүштөрдүн азаюусуна себеп болоорун белгиледи.

«Орто кесиптик теологиялык билим берүү системасы учурдун талабы.  Анткени динди майнабын чыгарып окуган илим талап кылуучу светтик билимге да ээ болуусу абзел», — деди Ниязалы ажы Арипов

«Туристерди өнүктүрүү жаатында бардык диндерден кабардар болгон кадырлар керек.  Тарыхый булактарга карасак Ош шаарын кармап турган нерселерге  илимий медреселер менен мичиттер кирет» — деди Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчиси Султанбек Абдырахманов.

Ал эми  Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, теологиялык билим берүү системасында араб тилинин конкреттүү системанын негизинде берилүү зарылчылы эске алынуусу керектигин кошумчалады.