Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен казыятынын ишмердиги менен таанышты.

Казыят кызматкерлери катышуусунда өткөн жыйында облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов  аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат берди. Ал эми Абибилла ажы Кадырбердиев 2020-жылга карата пландаган иштер туурасында жана коомдо ислам баалулуктарын жайылтуу, ысырапкерчилик, терс агымдарга каршы күрөшүү зарыл экендигин кошумчалады.

Ошондой эле казыят кызматкерлери суроолорун, сунуштарын беришип, Абибилла ажы Кадырбердиев айтылган сунуштарды ишке ашырууга көмөктөшөөрүн билдирди.