Чүй облусунун казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Чүй районунда болуп өттү

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов Чүй казыятынын иш планынын негизинде, хатибияттардын ишмердүүлүгү менен таанышып, Чүй районунун Чүй айылындагы «Хадижа Басудан» мечитинде кезектеги көчмө жыйынын өткөрдү.

Аталган көчмө жыйынга Руслан ажы Жумагулов жетектеген Чүй казыятынын кызматкерлери жана Чүй облусунун баш имам хатибтери катышты.

Адаттагыдай эле жыйын алгач айлык отчетторду угуу менен башталды. Ошону менен катар Чүй казысы 22-ноябрь күнү КМДБга тапшырган жылдык отчетунун жыйынгыты тууралуу маалымат берип, келе турган жылы Чүй облусунун диний иштерин мындан да алдыга жылдыруунун арекетин кылууну тапшырды.

«Негизинен көчмө жыйында Чүй облусундагы мечиттерди каттоодон өткөрүү, облус боюнча аялдардын окуу бөлүмдөрүн ишке ашыруу, имамдардын диний билимин жогорулатуу үчүн семинарларды уюштуруу, маселелери каралды. Аталган маселелер боюнча бир катар тапшырмалар берилип, аларды ишке ашыруу үчүн Чүй казысы тарабынан имам хатибтерге тапшырмалар берилди»,-дейт Чүй казыятынын катчысы Бактияр Азим.