Манас районунда аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө жалпы 52 миң сомдук азык-түлүк таратылды

Талас облустук казыятынын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас районунун аймагында жашаган 40 үй-бүлөгө күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүктөрдү таратып берди.

Бул иш-чарага жергиликтүү тургундар Израил уулу Рустам жана анын достору менен биргеликте демөөрчүлүк кылышкан. Алар ун, май, кесме, күрүч, кум шекер сатып алышып, ага сарпталган каражаттын жалпы суммасы 52 миң сомду түзгөн. Аны 40 адамга бөлгөндө 1300 сомду түздү.

Райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана жардам алганга үй-бүлөлөргө, кайрымдуу инсандарга терең ыраазычылык билдирди.