«Көлмө» медресесинде окутуучулар жана студенттер медициналык кароодон өтүштү

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинде  окуу жайдын мугалимдери жана студенттер атайын медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Мындай демилге жыл сайын медресенин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, уюштурулуп келүүдө. Бул тууралуу медресенин мүдүрү Ырысбай ажы Ахунбаев билдирди.

«Ден-соолук Аллахтын берген аманаты, ошондуктан  аны сактоо жана туура пайдалануу ар бир пенденин милдети. Андыктан балдардын ден соолугуна камкордук кылуу боюнча бүгүн медресебизде медициналык кароону өзүбүзгө жакын жайгашкан бейтапканага менен келишим түзүп, текшерүүдөн өтүп жатабыз»,-деди Ырысбай ажы Ахунбаев.

Мындан сырткары балдарды дайыма текшерип, ооруган балдарды дарылап турушмакчы.