КМДБнын даават үгүт насаат бөлүмүнүн адиси Султанали ажы Гапуров студенттер менен жолугушуп, аларга экстремизм жана терроризмди алдын алуу, ыйман туурасында баяндамасын жасады

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын даават үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Султанали ажы Гапуров И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуп, анын алкагында экстремизм жана терроризмди алдын алуу, ыйман, адеп туурасында баяндамасын жасады.

Окутуучулар жана студенттер менен болгон жолугушууда Султанали ажы Гапуров жаштарды убактысын үнөмдүү пайдаланууга, ынтымакка жана биримдикке чакырып, окууларына ийгиликтерди каалады.

«Ыйман, мекен, ата-эне, ден соолук – булар Кудай Тааланын берген баасыз, эң чоң нээматтары. Андыктан жаштарыбыз канчалык ыймандуу, адептүү болсо коомубуз дагы силерди көрүп түзөлөт. Окууларыбызга кыянат кылбай, мыкты окуп, өз кесибин сүйгөн адис болуп, элге-жерге мамлекетибизге кызмат кылала. Ошондой эле ар кандай туура эмес агымдардан сак болуп, өзүбүзгө пайдалуу гана илим алалы»,-деди Султанали ажы Гапуров.