Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков окуучуларга «Чылым чегүүнүн жана ичимдик ичүүнүн кесепеттери» туурасында тарбиялык саат өттү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков калаадагы №2-орто мектептин 10,11-класстарынын окуучулары менен жолугушуп, аларга бүгүнкү жаштардын жүрүм-туруму, алардын адеби тууралуу учкай кеп кылып, аларга адептүүлүккө, ата-эненин сыйлоого жана аларга урмат сый көрсөтүүгө чакырып, билим алуунун зарылдыгы тууралуу баяндамасын жасады.

Мындан тышкары тарбиялык сааттын негизги темасы «Чылым чегүүнүн жана ичимдик ичүүнүн кесепеттери» тууралуу болгондуктан окуучуларды мындай терс көрүнүштөн оолак болууга, мамлекеттин кийинки келечеги дени сак, билимдүү жаштардын колунда экенин баса белгиледи.

Мындай тарбиялык саатты өткөргөнү үчүн мектеп жетекчилиги баш имам хатиб Абсатар ажы Эркинбековго ыраазычылыгын билдирди.