Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагында 260 орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймагында 260 орундуу «Хадижа бинт Хувуйлид Радиаллаху анха» атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун мусулмандар казысы  Самидин каары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун президенти Нурмухамед Миңбаев, казыят кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Иш-чарада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жергиликтүү жамаатты жаңы мечити менен куттуктап, элди ыймандуу, адеп-ахлактуу болууга, ошондой эле ашыкча чыгым короткон той-топурлардан көбөйүп жатканын кошумчалап, андан арылуу үчүн ысырапкерчилик менен күрөшүүгө чакырды.

«Мечит менен мектептин санын салыштырбоо керек. Анткени мечит Алланын үйү. Бешенебиз менен сажда кылып сыйына турган жерибиз дал ушул мечит болуп эсептелет»,-диди Исакбай Мурзабеков.

Ал эми  Ош облусунун мусулмандары казысы Самидин кары Атабаев мечит куруунун сообу эбегейсиз чоң экенин баса белгилеп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошо турган инсандарды тарбиялап чыгаруусуна ишеним көрсөттү.

«Мечит куруунун сообу бейиштен үй куруу менен барабар. Мечит курууда кимдир бирөө жок деген бир кыштын салымын кошсо да ал сооп жазыла берет», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Эскерте кетсек, мечиттин башынан аяк курулуш иштери «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.