Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жапалак айылдык аймагындагы мечиттин ачылышына катышып, имамдарды эл менен тыгыз иштешүүгө чакырды

Бүгүн, 27-ноябрда  Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Жапалак айылдык аймагындагы “Шами уулу Сары” мечитинин жанына “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн көмөгү менен заманбап мечит пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев , “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамад Минбаев  жана жергиликтүү жамаат катышты.

Мечиттин ачылыш аземинде Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жергиликтүү тургундарды куттуктап, мечиттин жамааты көбөйүп, имамдарды эл менен тыгыз иштешүүгө чакырды.

“Бүгүн мечиттин сырты толук курулуп бүттү. Бирок аны ичин жандандыруу жамаатын намазга толук келип катышуусунда болот. Бул мечиттин имамы Абу Толиб айылдагы 80ге жакын балага сабак берип жатканы, андан сырткары “Умму Мухаммад” медресесинде мугалим болуп эмгектенүүсү, анын ийгиликтеринен бири болуп саналат. Бул имам 2018-жылы Ош шаарында «Эң мыкты имам» наамын алган. Анын ак дилден иштеп, эмгектенүүсүнүн натыйжасында мечиттин жамааты көбөйүп, жанына жаңы мечиттин курулушу далил болуп турат”,- деп баса белгилеп өттү Убайдулла ажы Сарыбаев

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев мечит куруунун сообу тууралуу буларга токтолду:

“Мечит куруу үчүн бир кирпич ташыганчалык болсо да салымыңарды кошууга аракет кылгыла. Анткени мечит адамдардын башын бириктире турган жер”,- деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Миңбаев Нурмухамад Бакирдинович: “Биздин негизги максат социалдык көйгөйдү чечүүгө жардам берүү. Кайсыл жерде эмне талап болсо ошого жардам беребиз.  Таза суу, мечит, бала бакча же болбосо жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү сыяктуу иштерди аткарып келүүдөбүз,”- деди ал.