Самидин кары Атабаев: жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла

Кечээ, 27-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Өзгөн районундагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттерине ысырапкерчиликти алдын алуу эрежелери, ыймандуулук жана  адептүүлүк боюнча жыйын өткөрүлдү.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулган. Ага Өзгөн технологиялык институтунун директору Асанбек Акматалиев, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Конференция учурунда Самидин кары Атабаев Ислам динин асыл баалуулуктарына токтолуп, ысырапкерчиликтен арылууга, терс көрүнүштөрдү болтурбоого чакырды.

«Кереметтүү Куран китебинде; Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах ысырап кылуучуларды жакшы  көрбөйт (Араф сүрөөсү 31-аят) деп бизге ачык түрдө буюруп жатат. Курандагы ачык түрдө айтылган  аятттарды милдетти аткаруу зарыл», — деди Самидин кары Атабаев.