Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Азыркы маалда мечиттин ичиндеги килеми жаңыланып, ички сырткы бөлүгү сырдалып, мечиттин кире беришине кафель төшөлүп, алдыңкы тарабы жабылууда.

“Борбордук мечит болгондугу үчүн жума намазына келген элдердин башка мечитке караганда  көптүгү менен айырмаланат. Мечитти ондоп-түзөө иштеринде Ош шаардык мусулмандар казыяты көмөк көрсөтүүдө. Мындан тышкары жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен бир кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жетиштик,” -деди мечит имамы Мурзакул ажы Осмонов.