Талас районунун Беш-Таш орто мектебинин окуучуларына мектептеги рекетизмди жоюу жана илим, билим алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 28-ноябрда Талас районунун баш имам хатиби Канатбек Жолдошбек уулу  Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Сыдыков Касым ажы менен бирге аталган район аймагында жайгашкан Беш-Таш орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда окуучуларга экстремизмди алдын алуу, мектептеги рекетизмди жоюу жана илим, билим алуунун зарылдыгы, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.  Мектеп жамааты  өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да байма-бай келип бир гана окуучулар үчүн эмес, ата-энелерге да ушундай жолугушууларды, лекцияларды өткөрүп туруу керектигин билдиришти.