Жалал-Абад облустук казыяты медреселердин кышка карата даярдыгын текшерди

Жалал-Абад облустук казыятынын кызматкерлери облустун аймагындагы медреселердин кышка карата даярдыгы менен жеринен таанышып келишти.

Облустагы “Имам Азам, “Аз -Захра”, “Арсланбаб Ата ” балдар медреселери жана “Айша Сиддика”, “Имам Азам”кыздар медреселери кышка карата даярдыгы жеринен текшерилип, анын жыйынтыгында окуу класстары, жатаканасы талапка жооп бергендиктен жылуу деп бааланып, ар бир окуу жай көмүр менен камсыз болушкан.

Текшерүү учурунда казыяттын эмгек жамааты бардык медреселердин окуучуларына окууларына ийгиликтерди каалап, билим алуунун зарылдыгына, убактыларын туура пайдаланууга чакырышты.