Алибек ажы Жусупов: «Алайын деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, жулайын деп умтулба, журт бузардын белгиси»

Ош облустук казыятынын Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Араван районундагы  «Алишер Новаи» атындагы орто мектептин 9-10-11-класстын окуучуларын ынтымакка, биримдикке, адептүүлүккө жана ысырапкерчилик кылбоого чакырды.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулду.

«Сууну деңизден пайдалансаң да үнөмдөп пайдалангын. Кыргыздын ушундай жакшы накыл сөздөрү бар: «Алайын деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, жулайын деп умтулба, журт бузардын белгиси». Андыктан баарыңыздарды ысырапкерчилик кылбоого чакырып кетмекчимин”, — деди Алибек ажы Жусупов.