Кара-Суу районунда өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 28 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү

Ош облустук казыятынын Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров баш болгон хатибият кызматкерлери Кара-Суу районунун Султан-Абад айылындагы өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 28 миң сом акчалай  жардам көрсөттү.

«Кара-Суу районундагы бардык эле айыл бизге кошуна болоорун жакшы билемин. Биз кошуналык милдетибизди аткаруудабыз деп ойлойм. Анткени сүйүктүү  Пайгамбарыбыздын (с.а.в) Коңшусу ач  болуп, өзү ток болгондор чыныгы мусулман боло албайт (Бухари ал-Адабулмуфрад 112) деген хадиси бизди ойлондурбай койбойт», деди баш имам хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Эскерте кетсек, 19- ноябрда Султан-Абад айылында  эки үйдүн чатырынан өрт чыгып, биринчи үйдүн бөлмөсүнүн  15 чарчы метр аянты, экинчи үйдүн 23 чарчы метр аянты күйүп кеткен.