Ош шаарында “СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата жыйын болуп өттү

Кечээ, 27-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысынын тапшырмасынын негизинде Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мечит имамдары менен биргеликте “СПИДке каршы күрөшүү” аттуу темада жыйынга катышты.

Жыйындын алкагында даарыгерлер жана кварталдык комиттетердин төрагалары СПИДке каршы күрөшүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чараларда мечит имамдарынын жардамы өтө маанилүү экендигин айтышып, мечит кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу сунушталды.

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов дин кызматкерлери ар дайым коом менен активдүү иштешип келе жатканын баса белгиледи.

“Дин кызматкерлери ден соолукту сактоо, тууралуу көп айтышат. Анткени денебиз биз үчүн берилген аманат, аны сактоо парз болуп саналат. Биз элге бузуку иштерден алыс болууга чакырып келүүдөбүз. Ислам дининде оорууну даарылагандан мурун анын алдын алган жакшы деп айтылат”,- деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.