Кимсанбай ажы Абдурахманов-өмүр баяны

Кимсанбай ажы Абдурахманов
Кимсанбай ажы Абдурахманов

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал 1957-жылда орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине окууга кирген. 1962-1966-жылдарда Советтер Биримдигинин (Советтер Союзунун) Ыраакы Чыгышында Аскердик Деңиз флотунда кызмат өтөп. аскерден кайткан соң Мир-и Араб Ислам медресесиндеги окуусун улантып, 1971-жылда ийгиликтүү бүтүргөн.

  • 1971-1976-жылдарда Ташкендеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.
  • 1976-1980-жылдары ал Иорданиянын борбору Иордан (Үрдүн) шаарындагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетинде окуп, аны ийгиликтүү бүтүрүп, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариатынын адиси деген дипломду алган.
  • 1980-1982- жылдары “Советтик чыгыштын мусулмандары” журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек тили вариянтынын редактору болуп иштеген.
  • 1982-1986-жылдары Кимсанбай ажы Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесинин директору болуп иштейт.
  • 1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасынын «Фатва» бөлүмүндө эмгектенип, 1990-жылдын мартынан 1992- жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы — Казы болуп кызматын кылат.
  • 1992- жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызыстан мусулмандарынын Диний Башкармасын түзүп, анын төрагасы (Муфтий) кылып Кимсанбай ажы Абдурахмановду дайындайт.

Муфтий Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачты. Бул медресени 1993-жылды Ислам Инситутуна айлантып, окуу программаларын да жогору даражага көтөрүп, ага «Азрети Али» наамын берди. Ушул жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып иштей баштады. 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Саудия Аравиясына ажылыкка барышты. Ушул жылы Муфтий Кимсанбай ажынын демилгеси менен даргин улуттары жашай турган айылда Ислам медресеси жана Курани Каримди жаттоо ишин багыттаган каарылар медресеси ачылып, иштей баштады. Муфтий Кимсанбай ажы Эмираттагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбор мечитин куруп берүүгө жардам сурап, ал курган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлдү. Азыркы күндөрдө да ал мечит борбордук мечит наамында кызмат кылып келүүдө.

  • 1994- жылы Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Саудиядагы Ислам Банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып алып берди.
  • 1996- жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана «Азрети Умар» институтун учурдагы Гоголь 57 дарегиндеги имаратка көчүрүп киргизди. Азыркы мезгилде дагы дал ушул имаратта Диний Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети иштеп жатат.

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны миңден ашты. «Азирети Умар» Ислам институтунда Мисрден келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштады. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду. Ал эми 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын Муфтийи болуп кызмат кылды. 2002-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам хатиб болуп иштеди. 2008-жылдын апрелинен баштап, Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат өтөөдө.