Молдо Сабыр ажы Досболов-өмүр баяны

Молдо Сабыр ажы Досболов
Молдо Сабыр ажы Досболов

Молдо Сабыр ажы Досболовдун кыскача өмүр таржымылы
Досболов Мамасабыр устаз (Молдо Сабыр) 1955-жылы Баткен районуна караштуу Зардалы айылында туулган.

Ал мектепте окуп жүргөндө эле диний сабатын атасынан ачат. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, андан ары диний илимге кызыгып, окуусун ушул багытта улантат. Дин илимин толук түрдө алууну 1971-жылдан баштап Баширов Молдо Шамшидин устаздан баштаган.

Андан ары Тажикстандын Исфара аймагындагы улуу аалым Молдо Абдисами каарыдан илим алуусун улантат. Араб тилин жана грамматикасын, хадис, тафсир жана башка илимдерди фарси, чагатай тилдерин өздөштүрөт. 1976-жылдан Молдо Абдысаттар устаздан илимин улантып, фикх, акыйда, фараиз ж.б. илимдерди үйрөнөт.

  • 1979-1989-жылдар аралыгында балдарга билим берүүнү өз алдынча баштайт. 1989-жылдан баштап Бухара шаарындагы «Мир Араб» медресесинде устаздык кылат.
  • 1993-1995-жылдарда Бишкеке келип «Акоша» атындагы медресени уюштуруп ошол эле жылы Кыргыз Республикссынын Улуттук илимдер акедемиясында кенже илимий кызматкер болуп кызмат өтөйт. 1995-1996-жылдары «Акоша» медреседе мударрис. 1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын экинчи курултайын уюштурган.
  • 1996-1997-жылдарда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында Уламалар кеңешинин мүчөсү. 1997-1998 Азирети муфтийдин орун басары кызматын аркалайт. 1997-2000-жылдар арасында «Осоо Ислам Нуру» журналын жетектеп, чыгарат. Ошол жылдардын арасында котормочулук менен да алектенет. 1998-2001-жылдары Мусулмандар Бин Башкармалыгында фатва бөлүмүн башкарат. 2001-жылы «Расул Акрам» Ислам институтун негиздеп, ага жетекчи болот. 2001-2016 жылдар арасында аталган институттун жетекчилигин аркалаган.

2017-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөсү болот. Андан бери «Маданий борбор» кайрымдуулук мекемесин негиздеп, аны башкарат. Бул иштин алкагында 7 жерге Куран жаттоо борборлорун уюштурат. Учурда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, өзү негиздеген Ислам институттун мударриси жана Кеңешчи тобунун төрөгасы. Азыркы мезгилге чейин миңдеген диний билими жогору балдарды тарбиялаган жана билим берип келе жатат. Молдо Сабыр устаз 13 баланын атасы, өзү 16 бир тууган болгон. Молдо Сабыр устаз медресе окуучуларына сабак берип гана тим болбостон, өзүнчө дин тармагында китептерди жазып, котормочулук менен алектенет.
Кыргыз тилинде жазган китептери:

1.Дин тиреги – намаз
2.Намаз – бейиштин ачкычы
3.Мөөлүт китеби
Араб тилинен которгон китептери
1. «Мунаббихат». Майх инбун Хажар Аскалани
2. «Акыйда-и Тахавия». Имам Тахави
3. «Фикхул Акбар». Имам Аззам Абуханифа
4. «Ал-Васият». Имам Аззам Абуханифа
5. «Акийдаи Аннасафи». Имам Насафи
6. «Акийда бад-ул Амоли». Сирожиддин ал-Оши
7. «Акийда издия Молдо Жалал». Молдо Жалал Ижжи
8. «Муктасарул-викоя». Убайдулло ал-Бухари
9. «Айюхал валад». Имам Газали
10. «Ыйык Курандын кыргызча мааниси» (аягына чыга элек), үзүндүлөрү «Ислам Нуру» журналына жарыяланган.

Перс тилинен которгон китептери
1. «Мажму атут-таварих». Сайпидин Молдо менен анын уулу Ноорузмухаммеддин китеби. (О. Соорон Сопу менен бирдикте которгон).
2. «Улукман Хакимдин уулуна айткан 100-насааты»
Чагатай тилинен которгон китептери:
1. Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») китебинен акыйда, тасаввуф жана адеп-ахлак жөнүндө айтылган бейттерин чогултуп, даярдап Куттуу Илим деген ат менен жарык көрүү астында турат.
2. «Азирети Кул кожо Ахметтин хикметтери»
3. «Фаргана хандарынын тарыхы». Магзунин китеби, . (О. Соорон Сопу менен бирдикте которгон).
4. «Насаб наама». (О. Соорон Сопу менен биргелешип которгон).
Араб арибинен азыркы кыргыз тамгасына көчүргөн китеби:
1. «Азирети Эшен пирибиз». Молдо Ашир. (О. Соорон Сопу менен бирдикте которгон). «Бийиктик басылмасы», 2005-ж.

Молдо Сабыр устаздын окутуп чыгарган шакирттери азыркы күндө казы, имам хатиб, котормочу, имам, мударрис, ж.б. жогорку диний кызматтарда иштешет.