«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору атуулдук жоопкерчиликти күчөттү

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору тарабынан медреселерде билим алган жаштарды коомчулук менен активдүү аралаштырып, социалдаштыруу процесси жүрүүдө. Бул тууралуу “АВЕП” коомдук фондунун координатору Нарынбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, быйыл бул долбоор жаштар арасында лидерлик сапатты, толеранттуулукту, атуулдук жоопкерчиликти күчөттү.

Талас облусундагы чет тилдер багытындагы кыздар медресеси менен “Айкөл” колледжинин окуучулары пикир алмашкан диспут учурунда жаштар өз алдынча презентацияларын камдап, Кыргызстандын заманбап жаштары кандай багытты тандашы керек? деген нукта талкуу өткөрүштү.

Ал эми эркек балдар арасындагы пикир алмашуу мектептер менен медреселердин ортосунда футбол жана волейбол беттештерин өткөрүп, андан кийин толеранттуулук менен ар тараптуу лидерликти өнүктүрүү, достук байланыштарын чыңдоо сыяктуу иш-чараларды талкуу менен толукталууда.

Белгилей кетсек, долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоо көрсөтүүдө. Азыр өлкө аймагындагы 28 медреседе жаштарга акысыз кесип үйрөткөн курстар ачылып иштеп жатат. Аларды 1 700дөн ашык улан-кыздар бүткөрүштү. Долбоордун алкагында жаштардын жумуш менен камсыз болушу бүгүнкү күндө 65%ды түзүп жатат.