КМДБ диний сабаттуулукту өркүндөтүү жана кесип үйрөтүү жаатында тажрыйба алмашууну күчөтүүдө

Кыргызстандагы диний окуу жайлардын жетекчилери бирин-бири тажрыйба бөлүшүү аркылуу байытып жатат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, «Жаштарды кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында, өлкөнүн бардык аймактарындагы медреселерден алдыңкы окутуучуларды, кызматкерлерин чогултуп, диний сабаттуулукту өркүндөтүү жана кесип үйрөтүү жаатында тажрыйба алмашууну күчөтүүдө.

Алар жогорку окуу жайларындагы теология факультеттеринин мугалимдери менен дагы пикир алмашып, алардын тажрыйбасын да кошо үйрөнүп жатышат. «АВЕП» коомдук фондунун координатору Нарынбек Кыдыргычовдун айтымында, мындай тажрыйба алмашуунун мааниси чоң. «Коомчулук менен диний мекемелердин карым-катышы канчалык ачык-айкын болсо, коомдо толеранттуулук орноп, ортодогу алака жакшырат. Өнүгүүгө да өбөлгө түзүлөт»,-деди ал.

Белгилей кетсек, 2015-жылдан тарта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен медреселерге кесип үйрөткөн сабактар кирген. Ушул күнгө чейин бул долбоор Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган 28 медреседе ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берүүдө. Адистиктер “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, жаштар үч айдын ичинде эле кесипке ээ болгон сертификаттарды алышууда. Алардын жумуш менен камсыз болушу 65 пайызды түзөт.