Өзгөн районунун имамдарына ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн районунун борбордук ооруканасынын дарыгери Алишер Сатыкулов ВИЧ оорусун адын алуу боюнча имамдарга мааалымат берди.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев,  хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Иш-чарада Самидин каары Атабаев, илимий технологиянын өнүгүүсү менен оорулардын саны да өсүп бара жатканын белгилеп, имамдарды дарыгер менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

«Ден соолук болсо барып болот. Инсандардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар: Алар ден соолук жана бош убакыт. Ден соолуктун кадырын ооруган адам билет, ал эми убакыттын кадырын улгайган жан билет. Ден соолугубуз менен убактыбыз бар учурда жакшы иштерди жасап калалы», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.