Каракол шаарында “Экстремизмди жана улуттар аралык жаңжалдарды алдын алуу” аталышында форум өттү

Аталган форум Ысык-Көл облустук ИИБ тарабынан уюштурулуп, Каракол шаарынын К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлдү. Иш-чарага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, КМДБнын Даават үгүт-насаат жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев, шаар-райондук баш имам хатибдер, имамдар, мектеп директорлору, айыл башчылары, муниципалдык мекеме жетекчилери, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун ачылышы “Ислам- экстремизм жана терроризмге каршы” аталышта чакан видеоролик менен башталып, анда Исламдын баалулуктарын камтыган накыл сөздөр айтылды. Чакырылган коноктор бүгүнкү күндөгү экстремизм, терроризм жана терс агымдардын иш-аракеттерин алдын алуу багытында боуп жаткан иштер туурасында токтолду.

Билалидин ажы Сайпиев, Ислам дини ынтымакка, жакшылыкка, биримдүүлүккө үндөгөн таза дин экендигин баса белгиледи.

“Ислам динин жамынып алып зордук- зомбулук кылгандардын Ислам динине эч кандай тиешеси жок. Ааламда ынтымактын, биримдиктин жана адилеттүүлүктүн орношуна Ислам дини чакырып, уятсыздыктан, зулумдуктан жана чектен ашуудан тыят”,- дейт Билалидин ажы.

Иш-чаранын жыйынтыгында экстремизм менен жана терс көрүнүштөрдөн оолак болууда биргеликте иш алып бармай болушту.