КМДБнын отчет текшерүү комиссиясынын адиси Акжигит Көкөев Баткен облусундагы имамдардын отчетун текшерүүгө алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчет текшерүү комиссиясынын адиси Акжигит Көкөев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов менен жолукту.

Жолугушуда имамдардын ай сайын КМДБга берүүчү отчету туурасында маалымат алды. Ошондой эле Баткен районунун жана Баткен шаарынын имамдарына отчет берүү, анын бланкасын толтуруу туурасында бир катар  маалыматарды айтып, имамдардын суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, ушундай эле иш-чара 27-ноябрда Кадамжай райоунун жана 28-ноябрда Лейлек районунун имамдарына өткөрүлдү.