Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын жыйындар залында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын жалпы имамдарына жыйын өткөрдү.

Ага КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдуманап кары Масалиев, Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов, калаанын баш имам хатибтери, шаардагы мечиттин имамдары катышты.

Жыйын учурунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев аймактарды өнүктүрүүдө жана өлкөнү санариптештирүү жылында имамдар эл менен тыгыз иштешип, коомчулукта болуп жаткан маселелерди чечүүдө биргеликте иштешүүгө чакырды.

Жыйында Азирети Муфтий:
— Ысырапкерчилик менен күрөшүү
— Улут аралык ынтымакты бекемдөө
— Адептүүлүк жана ынтымак
— Эктремизм, терроризм менен күрөшүү
— Имамдардын ишинин жоопкерчилиги
— Коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын алуу
— Жаш балдардын тарбиясына көңүл буруу
— Мечиттердин тазалыгы ж.б.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында дин кызматкерлери жана эл менен жолугушуу иш-чарасы буга чейин Кыргызстандын бардык облусунда өткөрүлүп келген эле.