Баткен облусунун казысы  Пазыл ажы Султанмуратов имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Исфана шаарындагы борбордук «Нур» мечитинде Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү. Иш-чарага Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев, Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Артыкбай  Мадаминов  жана имамдар катышты.

Дин кызматкерлери менен жолугушууда облус казысы имамдар элдин күзгүсү болгондуктан ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Алар:

  • Аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу;
  • ММК менен кызматташууну күчөтүү;
  • Имамдардын билимин жогорулатуу,
  • Ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Ханафи мазхабы жана  Матуриди акыйдасын бекемдөө;
  • Кайрымдуулук иштерин күчөтүү;
  • Улут аралык мамилелерди чыңдоо;
  • Жаштардын руханий жактан өсүү үчүн аларга  баяндама жана лекцияларды өткөрүү.

Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда ийгилик жараткан имамдарга ыраазычылыгын билдирди