Кара-Кулжа районунда эки кабаттуу 760 орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айылдык аймагында эки кабаттан турган  бардык шарты менен 760 орундуу  «Кеңеш» атындагы мечитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев, мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургандары катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап, жергиликтүү тургундардын демөөрчү болгонуна кубанды.

«Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) хадисинде ким Алланын ыраазычылыгы үчүн мечит курса, Жараткан Аллах алар үчүн бейиштен үй курат. Ошондой эле кимде ким  мечит үчүн чымчыктын уясындай аз даражада салымын кошсо да өз сообун алат», — деди Абдишүкүр ажы Нарматов.

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Кеңеш айлынын тургундарын жаңы заманбап мечити менен куттауктап, эл ичинде кайрымдуу адамдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

«Акыркы эки жылдын ичинде бардык каттоодон өтпөгөн мечиттерди өткөрүп келүүдөбүз. Бул мечит каттодон өткөн эски мечиттин ордуна курулуптур.  1991-жылы 39 мечит каттодон өткөн болсо , учурда 2500 миңден ашуун мечит катттодон өттү. Бул жакшы көрүнүш. Мечит дегенде эле бир гана намазкананы түшүнүүбүз туура эмес. Анткени мечит элдин муктаждыгын чечүүчү жер, — деди Исакбай Мурзабеков.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев  элди ынтымакка, биримдикке, адептүүлүккө жана биримдикке чакырды. Ошондой эле  демөөрчүлөргө Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.

«Кеңеш» мечити Кара-Кулжа районундагы эң эле чоң мечиттердин бири болуп калды. Мечиттер мунарасы же болбосо сырткы көрүнүшү менен кооз эмес, карыялардын, жаштардын жана ата-баланын биргеликте намаз окуусу менен кооз болот»,- деди Нурбек кары Орунбаев.

Эскерте кетсек, аталган мечит жергиликтүү элдин жардамы менен курулуп, бүткөрүлгөн.