Алмалуу айылынын имамы Улукбек Айдарбек уулу: «Өзүбүздүн акыбыз калып кетсе, капа болбойлу. Башка бирөөнүн акысын жегенден өтө сак бололу»

Чүй облустук казыятынын Кемин районунун Алмалуу айылынын имамы Улукбек Айдарбек уулу мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун кесепети, бирөөнүн акысына кол салуунун күнөөсү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аталган иш-чара Кемин районунун иш-планынын негизинде уюштурулуп, окуучуларды адептүүлүккө, билим алуунун зарылдыгына токтолду.

«Намаз – күнүнө беш маал парз болуп эсептелет. Ал эми жакшы кулк-мүнөз, адамдык тубаса касиет бул күнүнө 24 саат парз болуп эсептелет. Кудай Таалам өзүнүн акысын кечирип жибериши мүмкүн. Бирок, башка бир пенденин акысы, укугу тебеленген болсо, ал пенде кечирмейинче зордук-зомбулук көрсөткөн пендени кечирбейт. Ошондуктан, өзүбүздүн акыбыз калып кетсе, капа болбойлу. Башка бирөөнүн акысын жегенден өтө сак бололу», — деди айыл имамы Улукбек Айдарбек уулу.