Ысык-Көл облусунун Алмазбек ажы Сагындыков элди ысырапкерчилик менен күрөшүүгө чакырды

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Тоң районунун Бөкөнбаев айылында эл менен жолугушуп, анда элди ысырапкерчилик менен биргеликте күрөшүүгө, ал үчүн дин кызматкрелери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Жолугушуу райондук хатибият жамаатынын жана жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулуп, ага аксакалдар, ардагерлер, жаштар, райондук акимчилик катышып, бүгүнкү күндөгү аш-тойлордогу жана жаназалардагы ченемсиз ысырап маселеси талкууланды.

“Ысырапкорчулук-укуктун чегинен чыгып, бузукулукка өтүү. Жараткан тарабынан ысырапкерчилик кылууга тыюу салынган. Ысырапкерчилик- жеп-ичүүө, мал-байлыкты иштетүүдө, убакытта жана башкада болот. Кыскасы ысырап, адал жолдон арам жолго өтүү”,-деди Казысы Алмазбек ажы.

Иш-чаранын соңунда жергиликтүү бийлик дин кызматкрелери менен биргеликте ысырыпкерчилик менен биргеликте күрөшүүдө иш алып бармай болушту.