Тоң районунда экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча жыйын болду

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Тоң райондук администрациясынын жыйындар залында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча жыйынга катышты. Иш-чарага Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов, УКМК, 10-бөлүм өкүлдөрү, аксакалдар, ардагерлери катышты.

Жыйындын башында УКМК жана 10-бөлүм экстремиз жана терроризмге каршы күрөшүү туурасында аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берди. Мындан сырткары, коомчулукка, жаштарга динди туура, өз тартибинде жеткирүү ар бир дин кызматкеринин чон жоопкерчилиги экендиги баса белгиленди.

Мындан сырткары ММК, УКМК, жергиликтүү бийлик, жетекчилер, имамдар, айыл аксакалдары массалык түрдө түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп туруусу милдеттендирилди.