Тоң районунун мечиттерине жылуулук менен камсыздалууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы мечиттерде бүгүнкү күндө жылуулук киргизилип, кыш мезгилен даярдык иштери кызуу жүрүп жаткан маалы. Бул тууралуу баш имам хатиб Таалайбек ажы Акунов билдирди.

“Жергиликтүү жамааттын жана жеке ишкерлерибиздин демилгеси менен бүгүнкү күндө Коңур-Өлөң айлынын мечити оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, жылуулук киргизүү аракетин көрүп жатабыз”,- дейт имам Жылкайдар Койчуманов. 

Мындан тышкары ысык жана муздак суу дагы киргизилип, жылуулук менен камсыздалбаган мечиттерде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.