Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов: «Ооруну даарылоодон мурун анын алдын алышыбыз керек»

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Сайида Хадича» медресесинде СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйындын алкагында Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун өкүлү Ахмеджанов Мухаммадияр студенттерге өз кайрылуу жасап, ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүдө биринчи кезекте маалыматтуулугу жогору болушу керектиги баса белгиледи.

Ал эми Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов: “Ибадатты ар дайым бекем аткаруу үчүн ден соолугубуз жакшы болуусу керек. Эгерде биз өзүбүздүн ден соолугубузга кайдыргер мамиле жасай турган болсок, бизге аманат катары берилген денебизге зыян жеткизип алабыз. Бул аманатка болгон кыянатчылыгыбыз болуп саналат. Адам баласы ден соолуктун кадырын ооруган учурда билет деп бекеринен айтылган эмес. Бирок Ислам дининде ооруну даарылоодон мурун анын алдын алган жакшы деп билебиз” –деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.