Ош шаарында Умра ибадатын уюштуруу иштери башталды 

Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов шаардагы жума окулуучу мечит имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйындын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Умра ибадатын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана жума баянынын акыркы 10 мөөнөтүндө ибадат тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзү керектиги баса белгиленди.

Мындан тышкары калаады жума намазы окулуучу 41 мечит болсо анын ар бирине Умра ибадаты тууралуу жарыяларды жайгаштыруу тапшырмасы берилди.

«Абу Хурайра р.а риваят кылган хадисте, сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айткан: Умрадан умрага чейинки аралыктагы күнөөлөрдүн бардыгы кечирилет».