Манас районундагы мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүрүүдө

Кечээ, 3-декабрда Талас облустук казыятынын алдындагы Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-коргон айыл аймагынын башчысы Мелис Ахматов менен жолугушту.

Жолугушууда  мечиттердин ички жана тышкы коопсуздуктары алдын алуу боюнча сүлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзгөчө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү керектиги айтылды.

Ал үчүн бардык мечиттерге жакынкы күндөрү өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн тийиштүү жабдыктар менен камсыз кылып, эскертүү баракчаларын илүү боюнча иштерди жасоого айыл башчы өз убадасын берди.