Кадамжайда мектеп окуучуларын адептүүлүккө чакырган иш-чара болуп өттү

Кечээ, 2-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы Исфайрам атындагы мектебинде жогорку кластын окуучуларына адеп-ахлак туурасында тарбиялык саат болду.

Иш-чарага Кадамжай районунун Майдан айылынын  имамы Алип Көчкөнбаев,  мектеп директору Кубатбек Искендеров мугалимдер катышты.

Айыл имамы өз сөзүндө адеп туурасында аят, хадистерден баяндама айтып, адал эмгек, мээнеткеч адамды ийгилик жылмаярын басса белгиледи. Ал эми окуучулар айыл имамына ыраазычылыктарын билдирип, айтылган осуяттарга амал кылаша турганын билдиришти.