Баткен облустук казыяты аялдар үчүн бир күндүк окуу семинарын өткөрдү

Бүгүн, 3-декабрда  Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан аялдардын диний сабатсыздыгын жоюуда жыйын болду. Иш-чарага Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуртов  жана Баткен шаары жана Баткен районунун айылдарынан келген аялдар катышты.

Облус казысы аялды сыйлоо, урматтоо тууралуу Куран аяттары менен хадистеринен мисал келтирип, аял затынын эң бийик сый-урматка татыктуу жана бардык укук-милдеттерге бирдей ээ экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле аялдар арасында уюштурулган  китеп сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды. Соңунда  катышуучулардын түрдү суроолоруна жооп берди.