Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятында баш имам хатибтер 11 айда жасаган иштери тууралуу отчет тапшырышты

Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятында райондук, шаардык баш имам хатибтери жыл жыйынтыктаган отчетторун тапшырышты. Жыйынга КМДБнын отчёт текшерүү комиссиясынын адиси Шерик ажы Карабеков, казынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров  катышты.

Жыйында алгач отчет тапшыруунун алдында Шерик ажы Карабеков Коргоо Кеңешинде кабыл алынган талабка ылайык имамдардын беш пункуттан турган отчёт жазуунун  жаңы үлгүсүн көрсөтүп, ал боюнча түшүндүрмө берди. Ошондой эле Умра сапарына баруучуларды электрондук тартипте каттоону КМДБ уюштуруп баштагандыгын маалымдады.

Ал эми баш имам хатибдер мечиттердин электр энергиясынын төлөмүн азайтуу жана мечиттерди каттоодо дагы маселелер болуп жатканына токтолушту. Кийин баш имам хатибтер 11 айда жасаган иштери тууралуу казынын орун басарына отчётторун тапшырышты. Жыйынтыгында алардын жасаган иштери «жакшы» деп бааланды.