Жеке ишкер Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевге «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны белекке берди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевге аталган райондун тургуну, жеке ишкер Аман Мамырбеков «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү авто унааны белекке берди.

Унааны тапшыруу иш-чарасы Ала-Бука районунун борбордук “Мухаммад Захид” атындагы мечитте болуп, анда жеке ишкер  Аман Мамырбеков буларга токтолду.

“Райондун баш имам хатиби  айыл аймактарды кыдырып, мектеп окуучуларына ай сайын сабактарды уюштуруп,  жаш-каары дебей Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирип келет. Районубуздун аймагы  тоолуу жана айылдар алыс жайгашкандыктан мындай унаа өтө керек”,-деди жеке ишкер Аман Мамырбеков .

Ал эми баш имам хатиб  Шумкарбек ажы  Чыналиев жеке ишкерге ыраазычылыгын билдирип, өзүнө белекке берилген унаа хатибиятка кызмат кылаарын убада кылды.

«»ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү авто унаа мындан ары хатибиятка кызмат кылат. Менден кийин кайсыл гана баш имам хатиб келбесин ал дагы дал ушул авто унааны пайдаланат. Эмгегибизди баалаган Аман Мамырбеков агабызга ыраазычылык билдирем «,-деди райондун баш имам хатиби.