Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегация Түркияга расмий иш сапар менен барышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегация бүгүн, 4-декабрда Түркия республикасына расмий иш сапар менен барды.

Делегациянын курамында Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, илимдин доктору Ниязали ажы Арипов, жооптуу катчы Акылбек Халбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын юристи Нурбек Исманов бар.

Кыргызстандык дин тармагынын өкүлдөрү бүгүн Түркиянын Диянет Башкармалыгында болушуп, эки тараптуу тыгыз кызматташтыкты чыңдоо жана өз ара тажрыйба алмашуу жаатында бир нече жолугушууларды өткөрүшүп, көп жылдык мол тажрыйбасы бар, чоң жетишкендиктерди багынткан, максаттуу пландар, мезгил талабына ылайык стратегиялар менен системалдуу түрдө иш алып барган Диянет Башкармалыгы жана анын карамагындагы Башкы Дирекциялар менен жеринден таанышып чыгышты.

Алгачкы жолугушуулар Диянет Башкармалыгынын Дин иштери боюнча Жогорку Кеңешинде, башкача айтканда, Аалымдар Кеңешинде өтүп, анын төрагасы доктор Экрем Келеш жана төрага орун басары Зеки Саярдын кабыл алуусунда болушту.

Жолугушууда тараптар келечектүү максаттарды талкуулашып, фатва, халал стандартташтыруу, ай көрүү жана намаз убакыттары жаатында биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашышты.