Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган кыргызстандык делегация Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Түркия Республикасына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, төрага орун басары, илимдин доктору Ниязали ажы Арипов, жооптуу катчы Акылбек Халбеков жана КМДБнын юристи Нурбек Ысманов баш кеңсеси Анкара шаарында жайгашкан Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгында болушту.

Ал жерде кадрдык ресурстар, тышкы байланыштар, стратегия өнүктүрүү, текшерүү жана диний адабияттар боюнча башкы дирекцияларына зыярат кылышып, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Дирекциялардын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу учурунда диний адабияттарды кыргыз тилине которуу жана бастыруу, Түркиядан дин багытын өнүктүрүүгө салым кошуп жатышкан адистерди чакыртып, стратегия өнүктүрүү, текшерүү жана массалык маалымат айдыңында окууларды өткөрүү жаатында макулдашууга жетишишти жана белектерди тапшырышты.