Сузак районунда айыл округ имамдарынын көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунда жайгашкан «Мундуз» мечитинде айыл округ имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны өттү.

Көчмө жыйынга Сузак районунун  баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов  жана айыл округ  имамдары катышты.

Жыйында Жүнүс ажы Исмаилов  ар бир айыл округ имамдарынан 11 айдын отчётторун алды. Баш имам хатиб ар бир айыл округдардын (имамият) офистерин  ачууга, 2020-жылга толук түрдө компьютер жабдыктары менен ишке киришүүгө тапшырма берди.

Ошондой эле, имамдарга КМДБ тарабынан  берилген нике журналга үй-бүлө кургандарды каттап журналга түшүрүүнү, жашы 18 ге жете электерге нике кыйбоону эскертти.