КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов: «Балдарыңарга татыктуу тарбия берүүдөн мурун өзүңөрдүн адеп-ахлагыңарды оңдоодон баштагыла»

Кечээ, 3-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Козу кызы Бурмакан” атындагы аялдардын диний окуу борборунда “Эне үйдүн куту” деген темада жолугушуу уюштурулду.

Аталган иш-чарага КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана борбордо билим алган студенттер катышты.

Жолугушууда Акимжан ажы Эргешов динибизде, салтыбызда, маданиятыбызда деги эле кыргыз коомунда аялзатынын орду, аларга жасаган элибиздин урмат-сыйы бийик болгонун баса белгилеп, студент кыздарды адеп-ахлагына көп көңүл бурууга чакырды.

“Илим алуу – дарака окшош, тамыры ачуу мөмөсү таттуу. Ал эми мөмө көбөйгөн сайын жерге карай ийилип турат. Силер да канча көп илим алган сайын жөнөкөй болууну үйрөнгүлө. Анткени жөнөкөйлүк адамдын жылдызы. Силер болочок эне болуп саналасыңар. Балдарыңарга татыктуу тарбия берүүнү кааласаңар, өзүңөрдүн адеп-ахлагыңарды оңдоодон баштагыла. Анткени үй-бүлөдө балдар энени үлгү катары карап чонойот»,-деди Акимжан ажы Эргешов.