Ош шаарында жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртуу максатында лекция уюштурулду

Бүгүн, 4-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Ар-Рахим” мечитинин имамы Калбердиев Бекмамат  калаадагы №30 Абдираим Алиев атындагы орто мектебинде жогорку класстын окуучуларына “Абийириңди жашыңдан сакта” деген темада лекция өттү.

Лекциянын негизи максаты жаштардын адеп-ахлагын жакшыртуу, ата-энеге, мугалимге жана классташтарына болгон урмат-сыйды күчөтүү болуп саналат. Окуучулар менен жолугушууда Бекмамат ажы Калбердиев  өз акыл-насаатын айтып, коомдо болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алууда ар бир адам өзүнөн баштоосу керектигин баса белгиледи.

“Шаарыбыздын тазалыгы үчүн ар ишембиликте үйүбүздүн айланасын тазалап жигердүү катышып келүүдөбүз. Адеп-ахлакты жакшыртуу үчүн ар бирибиз өзүбүздүн жүрүм-турумубузду оңдоп башташыбыз керек. «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген сөздү ар дайым эстеп жүрүшүбүз керек. Анткени бул сөздүн мааниси өтө чоң”,-деди имам Б. Калбердиев.